Аудио-инсталляцияны угуу үчүн кулак тыңшалуу аспапты колдонуу сунуштайбыз
Жашоодогу эң мааанилүү жана баалуу нерсе – бул ден соолук. Эгер сенин ден соолугун болсо, сен бактылуу адамсын, ошондуктан мен дайыма кудайдан күчтүү дем, күчтүү эрк жана албетте, ден соолук берүүсүн сурайм. Мен эч нерседен артта калган жокмун, бул жерге жардам берем, тигил жерге жардам берем – баардык жерге жетишем – ырдайм дагы, бийлейм дагы, мына ушундай
Тоня Токтоназарова
Ден соолукту бекемдөө кабинеттери (Саламаттыкты сактоо министрилиги тарбанынан каржыланып, айылдык ден соолук комитеттери менен тыгыз иш алып барган Кыргызстандагы мамлекеттик медициналык мекемелердеги кабинеттер).

Ден соолукту бекемдөө кабинеттеринин максаты (ДБК) – негизинен ооруларды алдын алуу боюнча айылдын элине жардам берүү. Биздин туздөн түз милдетибиз айылдык ден соолук комитеттери менен иштөө, семинарларды, кампанияларды өткөрүү. Комитеттерди 2002-жылы ачышкан. Азыркы учурда Жумгал районунда 19 айылдык ден соолук комитети бар. Алар жетекчилерден жана ыктыярчылык негизинде иштеген бир канча мүчөдөн турат.

Облустук ден соолук комитеттери (ОБЛДБК) дагы бар, алар үчүн Бишкекте семинарлар өткөрүлүп турат. Кийин Нарын облусунун 5 районундагы ДБКларды - бизди чакырышат. Биз чогулуп, семинарларды кантип, кайсы учурда жана кайсы жерде өткөрүү тууралуу сүйлөшөбүз жана чечебиз. ОБЛДБК жогорудан келген планды берет, биз андан бизге керектүүсүн тандап алып, өзүбүздүн жылдык, жарым жылдык пландарыбызды түзөбүз.

Айылдарга график боюнча барабыз. Биз келээр күнү айылдык комитеттер чогулушат, бүгүнкүдөй, мисалы, эң аз дегенде 7-8 киши болот. Биз берилген тема боюнча семинарларды өткөрүп, китептерди жана маалымат баракчаларын таратабыз. Кийин алар үйлөрдү бөлүп алышып кыдырышат. Ар бир кишиге 20 дан үй туура келчү, бирок бул жылы 40 тан туура келди. Алар сөзсүз түрдө бөлүнгөн үйлөрдү кыдырып, материалдарды таратып, сүйлөшүүлөрдү өткөрүүсү керек. Бүткөндөн кийин бизге отчет беришет, канча үй кыдырышты, канча киши катышты. Бир айда бир жолу айылдарда, комитеттерде, мамлекеттик мекемелерде – маданият үйү, социалдык фонд, почта, китепкана жана башкаларда – сөзсүз түрдө семинарларды өткөрөбүз. Мектептеги уюштуруучуларды жана социалдык педагогдорду дагы чакырабыз.

Брошюралар, маалымат баракчалары абдан жөнөкөй тил менен кыргызча жазылган. Эгер кереги бар болсо, жашоочулар менен отуруп сүйлөшөбүз, алар эмнени түшүнбөй жатышса сурашат. Айылдыктар менен иштеген кызыктуу, алардын тажрыйбасын аласыӊ, үйрөнөсүӊ. Алардын суроолору жардам берет.

Мен медицина тармагында 45 жылдан бери иштейм, ал эми ДБКде – 2004 жылдан бери. Буга чейин поликлиникадагы терапия бөлүмүндө улук медайым болуп иштегем. Кийин менин кабинетке келүүмдү суранышкан, элдер менен иштейбиз деп түшүндүрүштү. Мага жакты, ошого бул жакка которулдум.

Бизге кыдыруу жагат, жакшы тосуп алышат, кээде жашоочулар өздөрү эмне жөнүндө билгиси келгендигин айтышат. Элдер менен иштөө кызыктуу, ооруканада оорулууларды эле көрөсүӊ, ал эми эл менен иштөө жакшыраак.
Кыргызстан боюнча 180 ге жакын ден соолукту бекемдөө кабинеттери бар.

Айылдыктар менен иштеген кызыктуу, алардын тажрыйбасын аласыӊ, үйрөнөсүӊ. Алардын суроолору жардам берет
Айылдардагы актуалдуу ден соолук маселелери
Айылдык комитеттер кичинекей балдардын тамактануусу жана тамак ашка кандай тузду колдонуу боюнча ар дайым багыттоочу тегерек столдорду, маектешүүлөрдү өткөрүп турушат, ошондой эле улгайган адамдардын кан басымын өлчөшөт. Жакында эле баарын чогултуп, салмактарын жана бойлорун өлчөгөнбүз.

Анемия жана бруцеллез боюнча көп жыл иштедик. Азыркы учурда бруцеллез азайды, анемия боюнча дагы жакшы жыйынтыктар бар, бирок аны такыр эле азайта албайбыз, анткени айылдарда аялдар көп төрөшөт. Азайтуу абдан кыйын, ошондуктан дайыма алектенебиз. Бул өтө сезимтал маселе. Кош бойлуу аялдарга өзүн алып жүрүү, туура тамактануу жана эс алуу боюнча кеңеш беребиз. Китептерди, маалымат баракчаларын таратабыз жана жер-жемиштерди жеп жүрүүнү сунуштайбыз. Айылдарда ар дайым окшош тамак болгондуктан анемияга дуушар болушат.

Үч жыл боюу мектептер менен иштешип жатабыз. КИТВ/ЖИКС (ВИЧ/СПИД) боюнча 9,10 жана 11 класттын окуучулары менен иштеп жатабыз. Кыздарга өзүнчө, балдарга өзүнчө сабактарды өткөрөбүз. Ошондой эле, мектепте 1-11 класстарга санитария жана гигиена боюнча "таза тиштер" программасы жакшы иштеп кетти. Биз класс жетекчилерди жана окуу сектору боюнча уюштуруучуларды окуттук.

Санитария боюнча чоңдорго дагы семинарларды өттүк, ар бир короого кирип, ар бир үй-бүлөөгө айтып бердик, дааратканаларды дагы текшерчүбүз. Анан кээбирөө жакшы дааратканаларды салышты. Жалпысынан райондо жакшы болуп калды, баардыгында таза суу, баары ден соолук үчүн бир нерсе кылууга аракет кылышат.

Тамеки тартуунун жана насвай артуунун зыяндарын айтып берчүбүз, алкоголизм боюнча дагы иштедик. Азыр ичпей деле калышты, мында АДКнын чоң салымы бар, анткени кыдырып, карап, түшүндүрүштү. Жаназада дагы карап жүрчүбүз, ал жыйынтыгын берди. Суицид жөнүндө дагы айтчубуз.

Айылдык комитеттер ачылганда, жашоочулар мончо сурашкан, швейцариялык долбоор жардам берди. Райондогу айылдарда 16 мончо, чач тарачтар, тигүүчү цех жана жыгач устачылык цехи ачылды. Жалгыз бой үй-бүлөөлөргө бир жылы картөшкө айдап жардам бердик, аз камсыз болгондорго тоок алып бердик.

Жалпысынан айылдык комитеттерде орто жаштагы аялдар иштешет, эркектер аз, аларга кызык деле эмес, эки-үч эле. Азыркы учурда жаштар дагы кызыкпайт. Алар кайсы атмосферада жашайт экендигин такыр билбейм. Комитетке мугалимдер, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, соц.кызматкерлер кирет, бирок көбүнчөсү үй кожойкелери.

Силерде кандай кыйынчылыктар болот?
Кээде адамдар аз чогулушат. Эгер 5 тен 7 ге чейин мүчөбүз келсе, өткөрүүгө уруксаат берилген. Эгер 3-4 болсо, бул аз. Кышында жолго чыгуу кыйын, дайыма кар, жолдор жаман. Үчтүн айында такыр чогулуш өткөрбөйбүз, анткени суук. Күзүндө – Тогуздун айы – Жетининин айында дагы оор, анткени айылдык комитеттин кызматкерлери талааларда. Түшүм жыйналып бүткөндөн кийин өткөрүүгө аракет кылабыз. Биздин өргүүнү эске албаганда жайында дайыма иштейбиз.

Айыл өкмөтү жардам деле бербейт, анткени тез-тезден алмашат.Барганда жаңы эле тандашкан болот, баарын түшүндүрөсүӊ, анан эки-үч айдан кийин аны кайра алып салышат. Жаңыны күтүп, кайра сүйлөшүүгө туура келет. Алар менен иштөө кыйын.

Дарыгерлер жетишпейт. 40 000 жашоочуга район боюнча 24 эле дарыгер бар. Аларга абдан кыйын, ал эми орто деңгээлдеги дарыгерлер жана медайымдар жетиштүү. Райондо дарыгерлерге 2 позиция бар, бирок бир эле хирург калды. Ал биздин айылдан – Байсактан, ошондуктан кетпей иштеп жүрөт. Бир врач таарынып кетип калган,себеби келгенде шарт жок болгон, райондон жардам беришкен жок, батир дагы бере алышкан жок. Кичинекей алыс жайгашкан айылда шарт деле жок. Жаштарга өтө кыйын, аларды алып кала албайбыз, батир менен камсыз кыла албайбыз, жардам бере албайбыз, шарт деле түзүп бере албайбыз. Ошондуктан келишпейт болуш керек.
Эльмира Курманалиева
Өзүм Көлдүкмүн. Жолдошум экөөбүз Оргочордон таанышып калып, анан ал университетти бүтүп, практикага барыптыр. Мен Пединституттан практикага баргам. Ошол жерден таанышып калып, анан ушул айылга турмушка чыккам. Анда 23 жашта болчумун. Беш балам бар.

Бул жерге келгенде мындан 7 километр алыстыкта Түгөл-Сай орто мектеби бар болчу. Ошол жакка орус тил мугалими болуп кирдим. Азыр болсо сүйлөй албай жатпайымбы, мына унутуп калыптырмын. Андан кийин бул мектепке биология, химия сабактарын бериш үчүн келдим. Азыр болсо пенсиядамын. Пенсияда болсом деле география сабагы боюнча мугалим жок, ошол үчүн дагы эле иштеп жатам.

Айылдык саламаттыкты сактоо комитети менен ФАПтын (фельдшердик жана акушердик пунктунун) ачылышы. (Кыргызстандын айылдарындагы ыктыярчылардын коомдук демилгеси, алар сергек жашоо мүнөзүн алдыга жылдырып, жашоочулар менен социалдык маселелердин үстүндө иштешет).

Швейцария өкмөтүнүн долбоору иштеп баштаганда биз комитетти негиздегенбиз, мен дагы комитеттин мүчөсү болдум. Биринчиден эле элдин көйгөйлөрү менен алектене баштадык. Мурун элдердин көйгөйүн биз изилдегени билчү эмеспиз. Бизде бала бакча жок, мончо жок. Таза суубуз начар. Жумгал району боюнча бүт элдин көйгөйү мончо болду. Эпкинде медициналык кызматкерлердин жок болушу көйгөй болчу. Медпункт бирөөнүн үйүндө болчу. Анан ФАП салып, бүтүрүп алдык. Андан кийин АРИС, ич жабдууларды камтыган долбоорду жаздым. Бүт жабдууларды алып келип алдык, Кудайга шүгүр.

ФАП жок кезде даары алыш үчүн Чаекке барышчу. Мисалы, бүгүн оорусаӊ, эртеңки автобусту күтүш керек болчу. Эч унаа жок болчу. Бир эле автобус каттачу. Аны "сары автобус" дечүбүз. Эртең менен бир маал каттайт. Ал кечинде келет. Күтө берчүбүз. Анан ФАП салынды. Бизге аябай жакшы болду. Майып балдардын даары рецептерин дагы ФАП кызматкерлери жазып бере башташты. Мисал үчүн, менин бир уулум эпилепсияга дуушар. Күн же түн болгонуна карабастан ийне сайып беришет. Каалаган жерден алып аласыңар. Мурда болсо аябай эле кыйналчубуз. Анан эл ушинтип ишенип калат экен.

Азыр айыл өкмөтүнүн бир дагы жыйналышы бизсиз өтпөйт. Ден соолук комитети мал боюнча жыйналыш чогултуп жатканда эл чогулган.
Кыргызстан боюнча 1700дөн ашык айылдык ден соолук комитеттери бар, ал бардык айылдардын 84%.
Мисалы, бүгүн оорусаӊ, эртеңки автобусту күтүш керек болчу. Эч унаа жок болчу. Бир эле автобус каттачу. Аны "сары автобус" дечүбүз. Эртең менен бир маал каттайт. Ал кечинде келет. Күтө берчүбүз. Анан ФАП салынды. Бизге аябай жакшы болду
Комитеттердин иштөөгө башталышы
Башында эң эле биринчи тоскоолдуктарды – иштеген келиндердин күйөөлөрү жаратышат. "Каякта жүрөсүң? Эмнеге барасың? Иштеген акчаңды сага эчким бербесе?", – сыяктуу абалдар болот. Анан күйөөлөрү арак ичишет. "Кайда жүрдүң кечке? Жөндөн жөн эле сенин аялың диплому жок же эчтекеси жок көчөлөрдү кыдырып, баракчаларды таратып жүрөт. Кыйын болуп калыптырго аялың!", – деген сөздөр кыйын болду. Анан бара-бара бирок жеңишти, азаматтар. Негизги тоскоолдук мына ушундай болду.

Башында 21 мүчө болуп киргенбиз. Көчүп кетүүлөр болду, каза болуп калгандар болду. Ошентип отуруп, азыр 13 мүчөм бар. Жаңыларыбыз бар – 4 келин. Көпчүлүгү аялдар эле калдык. Мына азыркы күндө эки эркегибиз бар. Ушул күндө трактор айдап жүрүшөт. "Эже, мен бошой алалбайм. Эртең жер иштетип, акча табып алайын", – деп, катыша алалбай жатышат. Башында 6-7 эркек балабыз бар болчу. Көпчүлүгү каза болуп калды, калгандары болсо Бишкекке иштеп кетишти. Мына ушундан улам жаңы комитетке жаңы мүчөлөрдү кабыл ала элекбиз деп эсептесек болот.
АДКнин жергиликтүү тургундар менен иштөөсү
ФАП курулгандан кийин ич жабдыктарменен камсыз болду. Элдер ийне менен эмдөөлөрдү убагында алып жатышат. Мурун ушул ФАП курулганга чейин эмдөөнү дагы албаган адамдар бар экен. Мен айтып кетейин, паспорту же туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болбогондордун көп экендиги аныкталды. ФАП курулганда келип, өзүнүн паспорту же балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн жок болгонун айтышчу. Мындан кийин көп кишилердин паспорттору менен туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрун жасатып бердик. Жалпысынан документ менен иштегенди да үйрөндүк, көнүп калдык. Кандайдыр бир абал болсо эле, бул жакка келишет: "Эмне кылышыбыз керек?", – деп кеңеш сурап.

Ошол жылдары чоң иштер жүргүзүлө баштады. Биз ошол жылдары санитария-гигиенабагытында иштеп баштадык. Ар бир көчөнүн өзүнчө микроаймагы бар. Айылды көчөлөрдөгү үйлөрдүн абалдарын, көйгөйдөрүн жакшы билгендердин арасында бөлүштүрдүк. Аларды ар бир көчөнүн милдеттүү өкүлү кылып дайындадык. Ооруларды даарылоо багытында да иш жүргүздүк.

Мындан кийин суу жана тазалык маселелери менен алектендик. Азыркы учурда үйлөрдүн жарымында даараткана салынып, суу киргизилген. Мурда жок болчу. Күнүмдүк турмушта суу жана сүттү адамдардын кандай пайдаланышы дагы маанилүү. Уй сааганда тазалыкка көӊүл бурулуп жатабы, кол жуучу жай менен самын барбы, үйлөрдүн ичи тазабы – мына ушундай сыяктуу санитардык абалдарды көзөмөлдөп турганбыз. Биз жакшы даараткана салгандарга кол сүргүчтөрдү белек кылып бергенбиз. Дааратканаларды оңдодук, а тамекини болсо белекке бердик.

Биз алкоголизм көйгөйү менен дагы иштеп жатканбыз. Үйлөрдү кыдырып, кимдин канча акча коротуп жаткандыгын изилдедик. Балдарына эч нерсе алып бере албай, келиндердин кыйналып жаткан убакыт болчу. Алкоголизм тууралуу ишти жүргүзө баштагандан кийин эркектерге караганда аялдардын аракка көп каражат короткондугу аныкталды. Эркектердин көпчүлүгү көчөдө жумушта болот экен. Кой кайтарып кетет экен. Уй кайтарып кетет экен. Келиндер болсо, чыкырган жерге сөзсүз барышат экен. Ал жерде арак ичишет. Андан кийин эсеп, жүргүзө башташты. "Ушул акчага эмне алып аласың? Бир торпок алып алмак турбайымбы! Сыналгы алып алмак турбайымбы! Балама велосипед алып алмак турбайымбы", – дегендер болду.

Ар бир айдын 15-де биз райондук борборго жугуштуу эмес оорулар тууралуу отчет беребиз. Жадыбалы дагы бар. Мына ушул жадыбалды үйүнө көтөрө барышат. Жадыбал боюнча окутушат. "Үйдө тамеки тарткан киши барбы? Арак ичкен киши барбы? Физикалык активдүүлүк боюнча, тамеки боюнча, арак боюнча, туура тамактануу боюнча эмне кыласыңар үй-бүлөңөр менен?", – деген суроолорду беришет. Тамеки тарткан киши болсо, бир айдын ичинде ташталат деп жазып коюшат таблицага. Анан балдары: "Ай, ата, мурдагы келген кишилерге убада бербедиң беле! Кана?", – дейт. Биздин мектепте окуучулардын Жаңы жыл ишчарасы болот. Ата-энесин ошол жерге чыкырып алып туруп: "Мына, тамекини ташта дегенбиз. Бирдин айында ташта деп айттык эле, Бештин айына чейин мына таштады. Баш оона айында эле таштаган, бирок, мына бүгүн сыйлыгын берип жатабыз!", – деп туруп, бирден торт белекке бердик. Биз ушинтип алкоголизмди жеңдик.

Мындай мамиле жардам берет экен. Сыйлыкты атасына баласынын, балдарынын көзүнчө берсең, чоӊ түрткү берет экен. Себеби: "Ата карачы, тигинин атасы тамекини таштап, мындай сыйлык алып жатат! Ушинтип эле таштап койсоң болот эле да. Кандай жакшы киши! Кандай жакшы ата!", – деп сүйүнүшөт. Ошентип, тамекини таштады бир топ киши. Бирок, менин күйөөм таштабай жатат (күлүп жатат).

Тыным жок. Мына, азыр жугуштуу эмес оорулар боюнча отчет берип жатабыз. Ар бир айда иштерибиз бөлүнгөн – санитария, гигиена, тазалык боюнча. Таштанды жана таштанды чогулган чуӊкур тууралуу иш жүргүзөбүз. Бруцеллездун жайылышын токтотуш үчүн өлгөн малдардын таштанды чогулган чуӊкурдарга казылышын текшеребиз.
Бүгүнкү күндө күч менен дем берүү
Эл бизге көнүп калды. Аябай жакшы тосуп алышат. "Биз ден соолук комитетинен келе жатабыз", – дегенде эле, баары күлүшөт.

"Тиги каракчы эмне үчүн келе жатат? Үйүндө оокаты жокпу бул аялдын? Темселеп эле кыдырып жүрөт!", – деген сөздөрдү далай уктук. Таштап коёлук деген күндөрүбүз көп болду. Анан: "Кой, элге керек экен", – деп чечип, уланттык. Азыр бизге эл аябай эле ишенет. Эл эмес, айыл өкмөтү карачу эмес. Азыр айыл өкмөттүн өкүлдөрү бизден жардам сурап, биз менен кеӊешет.

Сыйлыктар, ыраазычылык каттар бизге дем берет. Комитетте иштеген айымдарыбыздын абройу көтөрүлдү. Мисалы, мен өзүмдү алсам, мен эл кыдырып, элге таанылганым үчүн, мени депутат кылып шайлап алышты. Анан ыраазычылыккаттар келет. Гезитте дагы биз жөнүндө макала чыккан болчу. Эӊ негизгиси жана маанилүүсү, бул элдин ыраазычылыгы, элдин ишеними. "Эже, сизге рахмат", – деп айтышат. "Эже, бруцеллез боюнча окуттуңуз эле, баарын жасап жатабыз", – дешет. Себеби, биз элдин көзүн ачып жатабыз да. Айлыксыз иштеп жатабыз.
Элдин саны аз дешет
Элге эмне керек? Бирөөгө спортзал жана аянтча, бирөөгө балабакча, бирөөгө тигүүчүү жай же жүн тыткан жабдуу керек.

Мына бүгүнкү күнгө чейин бир медайым кызыбыз иштечү эле. Айлык аз деп, Орусияга кетип калды. Бул келиндин келгенине экинчи эле жума болгон. Эки ай дарыгер жок болду. Коңшу айылга барып, ийне алчубуз.

Маалымат жеткирүү технологиялары өнүккөн азырку учурда башка айылдарда, башка мамлекеттерде эмне жасалып жатканын көрүп биз дагы өнүгүүгө, долбоор жазганга, жол табууга аракет кылабыз. Бирок, элиңер аз, түтүндүн саны аз деп, көп долбоорго катышпай калып жатабыз.
Нарын облусунун Жумгал районундагы Эпкин айылынын тургундарынын айткандары боюнча айылда 500 эле киши (70-80 түтүн) жашайт.
Айылда 25, 30, 35 жаштагылар жок. Орто жаш 40 тан 60 жашка чейин. А бул жакта эмне кыласын?
Суйбеше Тургуналиева
Мен Эпкин айылынын мектебинде тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштейм жана айылдык кеңештин 2-чакырылышынын депутатымын. Өзүм Чаектен болом, бирок бул жерге турмушка чыгып, 30 жылдан бери жашайм, беш балам бар. Жолдошум 7 жыл мурун дүйнөдөн кайткан. Жолдошум бар болгондо, албетте, жакшы болчу.

Балдар көчүп кетишкен, шаарда жашашат. Мен аларды: "Кемпир менен жашагыла. Бул жакка келгиле!", – деп кыйнабайм. Алар азыр жаш, кандай кааласа ошондой жашашсын. Бирок мен таякты алып отуруп калгыдай, 60 жаш карылык деп ойлобойм. Жок. Мен баардык ишти жасайм – гүлдөрдү, бактарды отургузам, үйдү тазалайм, кой, уйду карап, баарын өзүм жасайм.

Жашоо бир жолу берилет, бизде эки жашоо жок, ошондуктан жаша, иште, жаса, оку. Эгер бир жерге кетүүнү кааласан, кет. Менин оюмча мен азамат экенмин, жаш кезимде көп нерсени көргөнгө жетиштим. Анан турмушка чыктым, эч жакка чыга албайсын балдар менен.
Айылдагы жашоо
Айылда 78-80 короо бар (Нарын облусунун Жумгал районундагы Эпкин айылында). Мурда жашоочулар көп болчу, азыр балдар чоңойюп, Орусияга, Бишкекке көчуп кетишкен, ата- энелерине акча жөнөтүп турушат. Кээбирөө кайтып келишет, мектепке мугалим болуп келишет, бирок көбүнчө жаштар кетишет, айылда 25, 30, 35 жаштагылар жок. Орто жаш 40 тан 60 жашка чейин. А бул жакта эмне кыласын? Эмне менен алек болушат? Өзүңдүн чарбаң менен алектенсең болот, ошону менен болду.

Мектеп кичинекей – 106 окуучу, 20 мугалим бар. Жайында балдар чуркашат, волейбол, баскетбол ойношот. Кышында эч жакка чыкпайбыз, балдар дагы эч жакка чыкпайт, шахмат, шашки, тогуз коргоол ойношот. Бизге жок дегенде спортзал керек. Бул суроону депутаттар элдер менен жолугушууга келгенде бир канча жолу көтөрүп чыккам. Андан бери: "Макул, макул", – деп сөз беришет, шайлоо бүтөт, депутат болушат, анан бизди унутушат.

Мектепте тамак – аш дагы жолуна коюлган эмес. Өзүнчө ашкана болуш керек, балдар толук кандуу тамактануусу керек – гречка жана күрүч ботко менен, бизде мүмкүнчүлүк жок. Анткени бир кичинекей кабинет, анда булочка, кекс жана сүт менен чай эле бар. Айылда мектеп жана ФАП (Фельдшердик-акушердик пункт) эле бар. Ага карабай жашап жатабыз. Эмне кылабыз? Бирок, албетте конок тосуу үчүн айланабызда соонун жаратылыш бар.
ФАП (фельдшердик-акушердик пункт)
Мен бул айылга жаңы келгенде бул жакта эч нерсе жок болчу: ФАП дагы, мектеп дагы. 1990-жылы мектеп салышты. 2006-жылында швейцариялык долбоордун алкагында ФАП салынды. Жашоочулар жардам беришти, жөнөкөй кирпичтерди алып келишти жана салышты. Ошондон бери бул жакка элдер келип, эмдөө кылышат. Медайым иштейт, ага бир кабинет беришкен. Дагы эмне айтып бере алам? Бизде эң көйгөйлүү башка маселе бар: ФАП каттоодон өткөн эмес,ошол үчүн документтери жок. Ошондуктан биз долбоор жаза албайбыз, жаңылап сала албайбыз, анткени документтери жок болсо мүмкүн эмес экен. Бул бала төрөлүп, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, паспорту жоктой. Анын кийинки тагдыры кандай болот? Биздин ФАПтын дагы тагдыры ошондой. Былтыркы жылы өзүбүз актаганбыз имаратты. Мен депутат катары 5 миң сомго бул жуунгучту сатып алгам, жөн гана жардам бердим. Былтыр даараткана салганбыз, азырынча айыл өкмөтүнөн эч нерсе беришкен жок.

Менин бүтүрүүчүлөрүм 24-майда келишет, мен класс жетекчи болчумун. Мен аларга: "Мага эч нерсенин кереги жок алтын шакек, алтын чынжырча – эч нерсе белек кылбай койгула. Андан көрө, ФАПтын айланасын курчоого жардам бергиле", – деп макулдашайын деп жатам. Алар эмне дешет билбейм. Бул менин сунушум. Эгер менин колумдан келсе, өзум эле кылмакмын. Бирок биз дагы эл катары эле жашайбыз, жөнөкөй мугалим, айлыгым 13 миң сом. Мен ар дайым айылдык комитеттин жетекчисине жардам берем колумдан келишинче. Бизде кыйраткан деле эч нерсе жок, өзүңөр көрүп тургандай, баары боз, шарт жок, бирок ошого карабай жашоону улантып, чөкпөй элебиз.
Айылдык ден соолук комитеттери
Элдер айылдык комитеттерге көнүп калышты. Аларды жакшы көрүшөт, анткени алардын жашоо образы активдүү, жашоочулар менен жакын маектешип, маалымат баракчаларын үйлөргө таратышат. Жашоочулар ал баракчаларды окушат, угушат. Сабиздин, кызылчанын уруктарын дагы тараттык. Сураныч, отургуз анан түшүмүн аласыӊ, балдарыӊ дагы толук кандуу тамак менен камсыз болушат. Мисалы, мен билип алдым, алмада көп кальций бар. Ошондой эле, мурда жөнөкөй кызылчанын адамга пайдалуулугу жөнүндө ойлончу эмесмин. Билгенден бери үйдөгү тамактарга кошуп баштадым.

Мындан ары дагы өнүктүрүүгө аракет кылып жатабыз, бирок документтери жок кантип өнүктүрөбүз? Бул бизди токтоткон жок. Анын дагы (Эпкин айылдык ден соолук комитетинин жетекчиси), менин дагы мүнөзүм ушундай, үйгө отура албайбыз. Эгер үйдө жумуштар калса, түштөн кийин же кечинде жасап бүтүрөм. Эң маанилүүсү бул жерге келгенде эмне кылуу керек? Эмнеге жардам берүү керек? Кайсы маселелер чыкты? Анан биргеликте чечебиз.

8, 9, 10 класстардын окуучулары катышышат, алар чоң болуп калышты – 15-16 жаштарда. Эгер ата-энелери жок болсо, алардын ордуна балдары угушсун, катышышсын дейбиз. Алар дагы өз ойлорун айтып, комитеттерге жардам берип, көчөлөрдү, үйлөрдү кыдырып маалымат баракчаларын таратышат. Абдан мыкты жардамчылар.
Лидер аял
Мен өзүмдүн жумушумду жакшы көрөм, кичинекей кезимде милиционер болом деп кыялданчумун. Погончон кыздар – бул менин кыялым эле, бирок кыялдар ар дайым орундалбайт экен. Мугалим болдум – элдик билим берүүнүн мыктысымын. Мичурин атындагы пед.институтка 1976-1977 – жылдары өткөм. Кийин үй-бүлөөлүк шарттарга байланыштуу кайтып келип, аялдардын педагогикалык институтун бүтүрдүм, мектептерде иштедим.

Жакында эле "Региондорду өнүктүрүү" форумуна катыштым, Жалган Куран айынын 7-синин алдында Эне Сайда болду, ал жакка депутаттар жана аялдар келишти. Ал форумда жер жерлерде, айыл өкмөттөрүндө аялдар көбөйсүн, лидер болушсун деген сөздөр айтылды. Жогорку Кеңеште жана айылдык кеңештерде аялдарга көбүрөөк квота берүү жөнүндө дагы сөз болду. Аял иштеген жерде жакшы өнүгүү, жакшы жылыш болот. Лидер аял, Лидер эркектен жакшы, менин оюмча. Ал эң актуалдуу маселелерди чечип, биздин региондор көтөрүлөт.

Аял чыдамдуурак жана иштемчил. Кудай ага баардык жактан берген, акыл жана чыдамкайлык. Биз төрөйбүз да. Эркектер төрөй алабы? Алар өлүп калышат. Тогуз ай көтөрөбүз, анан күнү-түнү уктабайбыз, бала ыйлайт, эркек болсо уктайт. Биз тарбия дагы беребиз, анан коомдук жерлерде иштегенге дагы жетишебиз. Ушуну жылдыруу керек.

Менин оюмча, аял-бул күчтүү адам. Кыргыз тарыхынан дагы үлгүлөр бар, мисалы, Курманжан Датка. Көрсө, эгер адамдын мүнөзү жана эрки күчтүү болсо, баарын жеңсе болот экен. Биздин аялдарга ийилип таазим кылам. Эркектер таарынбасын, биздин аркабыз менен алар ар дайым ардактуу. Туурабы, Диана? Эмне кылабыз? (күлүп). Лидер аялдын жашоосунда эң чоң ролду үй-бүлөөсү ойнойт. Эгер жолдошу, балдары: "Апа, кийинип ал, эс алып ал, муну ич, тигини ич", – деп турса, аял көкөлөйт.

Биз айылда силердей аппак эмеспиз. Бирок биздин мектепте жакшы маникюр жасатып, кыска юбка кийген кыздар дагы бар. Карап туруп, сүйүнөсүӊ. Жашоодон ырахат алып, кийинип, боёнуп жүрүшсүн. Билесиңби, Диана, мен да бир кезде сага окшоп, жаш жана сулуу болгом. Ал эми 29 августта мен 60 жашка чыгам.

Сага айтып бергендерим – бул менин кичинекей өмүр баяным, менин кичинекей сырым. Бул жашоомдон алынган үзүндү эле, эгер айта берсем, көп болот, анткени адамдын өмүр баяны – бул өзүнчө тарых. Сенин тарыхыӊ бар, менин тарыхым бар. Ар дайым мына, ушундай шамал. Биз көнүп калдык. Кантип ак болобуз? Эгер эртеден кечке чейин ушундай шамал болуп жатса, Кудайым ай! Мына ушундай, Диана, эгер дагы суроолоруӊ болсо, жооп берүүгө даярмын.
Маектешүү үчүн Эльмира Курманалиевага (Эпкин айылынын саламаттыкты сактоо комитетинин жетекчиси), Гулязим Исаковага (Жумагал районунун ден соолукту бекемдөө кабинетинин жетекчиси), Тоня Токтоназаровага (Жумагал районунун ден соолукту бекемдөө кабинетинин медайымы), Суйбеше Тургуналиевага (Эпкин айылындагы А.Садырбаев атындагы орто мектебинин тарбия боюнча мүдүрдүн жардамчысы) жана макаланы даярдоодо жардам берген баарына ыраазычылык билдиребиз.
Саламаттыкты сактоо
Сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүү адам укуктарынын негизгилеринин бири. Саламаттыкты сактоо Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы кызматташуусунун артыкчылыктуу багыттарынан болуп эсептелет. Өткөн жылы өнөктөштөрдүн өнүктүрүү, анын ичинде SDC боюнча биргелешкен аракеттеринен Кыргызстандын Өкмөтүнүн 5 жашка чейинки балдардын өлүмүн азайтууга жетишилди (1990-жылы 1000 адамга 65,8 өлүмдөн, 2016-жылы 21,1ге чейин), мына ушинтип Миң жылдык өнүгүү максаттарынын төртүнчүсү ишке ашты. Акыркы он жылдыкта кургак учукту эрте таап чыгуу жана дарылоо жакшырып, 2000-жылдан 2012-жылга чейинки аралыкта кургак учуктун таралышын кыскартууга алып келди. Швейцария каржылаган долбоорлордон улам инфекциялык эмес дарттарга (диабет жана гипертония) байланыштуу негизги факторлор тууралуу калктын маалыматы кеңейди. Мисалы, медициналык уюмдар медициналык таштандыларды башкаруу жана оорукананын ичиндеги инфекцияларды кыскартуу боюнча иштеп жатат. Швейцариянын медициналык билим берүүнү реформалоону колдоосу үй бүлөлүк дарыгерлерди жана медайымдарды даярдоо сапатын жакшыртууга жана аймактардагы айылдардагы үй бүлөлүк дарыгерлердин жетишсиздигин азайтууга түрткү болду.

Ошого карабастан өлкө боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүүлөр боюнча олуттуу көйгөйлөр орун алган. Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу, теңсиздикти азайтуу жана каржылык коргоо, коомдук саламаттык сактоону бекемдөө максатында Кыргызстандын Өкмөтү 2030-жылга чейин саламаттыкты сактоо тармагындагы жаңы стратегияны кабыл алды. Швейцариялык кызматташуу Кыргызстандын бийликтерине алгачкы медициналык-санитардык жардам системасын жакшыртууга багытталган саламаттыкты сактоо тармагындагы реформаларды ишке ашырууга жардам көрсөтө бермекчи.

Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо тармагындагы долбоорлор:
  • Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоонун бюджетин колдоо (SWAp);
  • Кыргыз Республикасындагы медициналык билим берүүнү реформалоо;
  • Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо уюмдарынын автономиясы;
  • Кыргызстандагы инфекциялык эмес дарттарды натыйжалу башкаруу жана жок кылуу.