Социалдык ишканалар Ар бир чебердин жардамга муктаж болгон учурлары болот. Мындай учурда аларга акчалай сыйлык беребиз, же көйгөйлөрүн чечүү үчүн аларга керектүү жардам беребиз. Көйгөйдүн бардыгын чече албаспыз, бирок чечкенге катышабыз.
Түшкү тамакты, эртең менен чай беребиз. Адегенде, алар идиштерге салып тамактарын ала келишчү, кимдир бирөө өзүнүн тамагын алып чыгып жегенден тартынып атса, бул тамактануу болбой кала турганы көрдү. Өзүбүз чечели дедик, анткени ар кимдин ар кандай мүмкүнчүлүктөрү бар – келип иштей бергиле. Биз социалдык топпуз, б.а. мүмкүнкүнчүлүгү чектелген же алардын балдарынын мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар менен иштейбиз. Дүлөйлөр коомунан келген чеберлер бар. Алар менен иштөө, жардам берүү – биз үчүн маанилүү. Өздөрүнүн эмгеги менен иштеп табышат – анча чоң эмес каражат,бирок ошентсе да иштеп табышат. Жалпы жамааттын 15%-ыны мүмкүнчүлүгү чектелгендер түзөт. Балдары көп жалгыз бой энелер бар, алардын толук күн иштөөгө шарты жок, бул жерде алар сувенир тигишип, акчасын алышат. Иштеп баштагандан кийин бул адамдар үчүн белгилүү бир жоопкерчиликти аласың, себеби ооруулуу баланын апасы күтүп атат, ага дары сатып алыш керек же балдарга тамак-аш алыш керек. Албетте, биздин өзүбүздүн балдарыбыз бар, алар ушул чөйрөдө өсүп, ушул чөйрөдө жашап атышат. Биздин туугандарыбыздын балдары да көп келип турушат, аларга да абдан кызыктуу. Салттуу ыкмаларды, кийимдерди, тамак-ашты сактаган адамдар бар экендиги абдан жакшы. Биз да ал адамдардын бир бөлүгүбүз деп ойлойм, себеби каалоочулар бизге көрүш үчүн келишет, үйрөнүшөт, кийиз менен иштешет. Мына ушунтип жашап атабыз. |