Аудио-инсталляцияны угуу үчүн кулак тыңшалуу аспапты колдонуу сунуштайбыз
Азыркы көйгөй – адамдардын таза сууну пайдалануу маданиятын калыптандырыш керектиги. Алар керектөөчүлөр, демек төлөш керек, караш керек. Мисалы, сууну алып, түтүктү ачык калтыруу болбойт, ага суу берилбеш керек. Мына ушул маданиятты сиңириш керек. Дароо эле системаны бузуп ийүүгө мүмкүн эмес, акырындык-акырындык менен баруу керек
Таза суу
Биздин Арал айыл өкмөтүндө 5 айыл бар, анда болжол менен 6400 киши жашайт. 2000-жылдардын башында Дүйнөлүк банк жана Азия өнүктүрүү банкы айыл жергесиндеги санитария жана таза суу боюнча долбоорлорду каржылашкан. Максаты мурдагы суу түтүктөрүн калыбына келтирүү болуп, андан ары кеңейтүү каралган эмес. Ага пилоттук 3 айыл камтылып, 2004-2005-жылдары аяктаган, андан кийин Долон жана Кош-Дөбө айылдары да долбоорго киришкен. Бул айылдарда Союз учурунда таптакыр суу жок болчу, 1970-80-жылдары суу киргизилип, система бир жыл иштегенден кийин токтоп калган. Айыл тургундары сууну дарыядан ташып ичишчү. Ал эми үч айыл – Арал, Миң-Булак, Сары-Дөбө –Аралдагы скважинадан пайдаланышкан. Ал дагы авариялык абалда болчу (1963-жылы курулган).

Сары-Дөбө айылында келте оорусу ар бир 2-3 жылда бир күчөп турган. Республикадан келишип, катуу ызы-чуу чыккан, анткени бул инфекциялык коркунучтуу оорулардан болуп саналат. Сууну алып киргенден кийин бул унутта калган, Кудай сактасын. Мына ушундай көйгөйлөр болгон.

2016-жылы Швейцариялык долбоор менен Арал айыл өкмөтүнүн арасында кызматташуу тууралуу келишимге кол коюлуп, эки айылдын жаңы конуштарына суу киргизилген.

Биз түтүктөрдү орношторуп, эсептегичтерди жайгаштырып, иштеп атабыз. Мурда жаңы конуштарда суу жок болчу, дээрлик 4 км киргиздик. ФАПка (фельдшердик-акушердик пункт) суу киргизип, муздак, ысык суу кантип киргенин жеринде көрсөк болот. Биздин төрт айылда жалпы билим берүүчү, бир айылда башталгыч мектеп бар. Аларга да суу киргиздик, бул үчүн, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнөт. Таза суу берилгенден улам беш айылдык мектепте болжол менен 525 окуучуга ысык тамак уюштурулду.

Мурда Дүйнөлүк банктын шарты боюнча көчөлөрдөгү түтүктөр жасалган, бул иш жүзүнө келгенде ыңгайсыз болуп чыкты. Эми үйлөргө орното баштадык. Азыркы учурда республикада ичүүчү таза суу менен камсыз кылууга көп көңүл бурулууда. Биздин скважина аркылуу тарттырып алынган булак сууларыбыз эң мыкты.

Таза суу берилгенден улам беш айылдык мектепте болжол менен 525 окуучуга ысык тамак уюштурулду
Суу оргутуучу мунара
Бул 50 кубдук суу оргутуучу мунара, 18 метр, насос 35 метрлик тереңдикте орнотулат, ал эми Сары-Дөбөдө 2001-2002-жылдары курулган. Курган учурда сырдалган болчу, андан бери сырдала элек – дат басып кетпеш үчүн сырдаш керек эле, бирок каражат жетишпейт. Оператор белгилүү бир убакта келип, насосту иштетет, анда басымдын жүрүп жатканын билдирип турган көрсөткүч орнотулган. Суу жогору тартылып, эки айылга бөлүштүрүлөт – Арал жана Миң-Булак. Бул система мындай – басым жок болуп калган учурда суу айылдын аягына же жогору жагына жетпей калат. Же болбосо айрым жерлерде жакшы иштебей калса да басым төмөндөп кетет. Электр энергиясы өчкөн учурда же ремонт учурунда алдын ала, электр энергиясы жок болгондуктан, суу да болбойт деп кабарланат.

Азыр Кош-Дөбөдө жана Долондо күнү-түнү суу берилип турат, бардыгында эсептегичтер орнотулган. Долбоор аркылуу жасалган биллинг системасы иштейт. Эсептегичтин көрсөтмөсүн берсең эле эсепти чыгарат. Башка үч айылда (Арал, Миң-Булак, Сары-Дөбө) биз сууну күнү-түнү менен берүүгө аракеттенип жатабыз, ал үчүн эсептегичтерди орнотуу зарыл. Азыр эртең мененки жетиден кечки алтыга чейин суу берилет, себеби айрым крандар ачык калтырылгандыктан суу ысырап болууда. Кээде майрам учурларда, же бирөө каза болсо, тойлордо сууну керектөөсүнө жараша беребиз. Азыр техника өнүгүүдө, интернет бар – эсептегичти орнотор менен биллинг системасына маалымат кетет, бухгалтер да, көзөмөлчү да үйлөрдү кыдырбайт. Мына ушуларга аракеттенип жатабыз.
Суу пайдалануу маданияты
Суу киргизилгенден кийин көп өзгөрүүлөр болду, баардык айылдарда өзүнчө ванна орното башташты; ысык суу, муздак суу, автомат – кир жуугуч машина шаардагыдай эле болуп калды. Иштен кийин үйгө келип сууга чайынып, жакшы болуп калды. Кандай болсо да жашоо жакшырууда. Суусуз абдан оор. Телевизордон көрсөтүп атат – чакалар, канистралар менен ташышат. Бизде өздөрүндө суу түтүгү бар – таза суу, бирок айрымдар бакчасын сугарып атышат. Буга тыюу салынган, анткени бул ичиле турган суу. Ирригация бар, бирок кээде гана, айылда чоң канал, арыктар да жок, ошондуктан таза сууну сугат үчүн пайдаланып жатышат. Муну менен да күрөшүп атабыз.

Азыркы көйгөй – адамдардын таза сууну пайдалануу маданиятын калыптандырыш керектиги. Алар керектөөчүлөр, демек төлөш керек, караш керек. Мисалы, сууну алып, түтүктү ачык калтыруу болбойт, ага суу берилбеш керек. Мына ушул маданиятты сиңириш керек. Дароо эле системаны бузуп ийүүгө мүмкүн эмес, акырындык-акырындык менен баруу керек. Эки айылда абал жакшы, анткени алар 70 жыл суу алышкан эмес, азыр жакшы колдонуп атышат, ал эми мурда сууну кенен колдонгондор кылдат менен пайдаланышпай атышат.
Суу тарифи жана коомдук угуулар
Суу тарифи – бул да маселе. Муну биз коомдук угууга алып чыкканбыз, талкууладык, бардык амортизациялык чыгымдарды эсептеп чыгып, куб метрине 35 сомдон төлөө тууралуу чечимге келгенбиз. Мурда ар бир адамга тариф бар болчу, азыр эсептегичтерди орноттук, эми эсептегич боюнча төлөнөт. Айына 100 сом, же андан бир аз көбүрөөк, ким кандай колдонсо, ошондой төлөнөт. Бул айына бир куту тамекинин баасы, а суу үчүн төлөнүп жатпайбы, демек, акчаны аяган болбойт – бул баарынан мурда ден соолук. Кээде кымбат деп айтышат, бирок биз талкууга алып чыгып, ал жерде тарифти кабыл алабыз да, ушуга таянабыз.

Коомдук угууларда 60тай, кээде 100дөй адам болот. Айрым айылдарда жүздөн ашат Негизи ар бир короодон бир адам катышышы зарыл. Адамдарды чогултуу да көйгөй – айрымдары каалашпайт, кызыгышпайт.

Жазында ушул жылдын тарифин эсептейбиз, жыл аяктаганда ИСПАКБдын төрагасы отчет берет. Адатта процесс мындай – биз алдын ала Айыл башы (район боюнча айылдардын старостасы, Айыл өкмөтү), аркылуу ИСПАКБ (ичилүүчү сууну пайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмеси), кулактандыруу берип, анан күнүн белгилейбиз. Талкууга күн тартибин алып чыгабыз, азыркы мода боюнча айтканда – модератор бар. Текшерүү комиссиясы жыйналып атат, бул да коомдук бирикме. Баардык маселелер талкууланып, анан чечим кабыл алынат. Эгер өткөн жыл боюнча отчет угулса, анда ИСПАКБдын төрагасы, текшерүү комиссиясы отчет берет – кандай каржылык чыгымдар болду, ким төлөгөн жок. Карыздар да бар, аны жашыргандан пайда жок. Каралган маселелер боюнча чечим күн тартибине коюлат – иш мына ушинтип жүрөт.

- Чечимдерди кабыл алуу кантип жүрөт – добуш берүү мененби?

Добуш берүүсүз кантип болсун? Эгер добуш беришпесе, добуш беришпегенин, алардын чечими эместигин айтып чыгышпайбы. Швейцариялык долбоордун негизинде иштеп баштаган учурда коомдук угуу өткөргөнбүз. Алар көп нерсеге жардам беришти – көйгөйдү кантип алып чыгуу боюнча жакшы окутушту – ушинтип отуруп коомдук угуу ченем болуп калды. Болжол менен Кулжа айында долбоордун бюджетин талкууга алып чыгабыз, ал эми кийинки жылдын Бирдин айында кийинки жылдын бюджети боюнча маселе коёбуз.

Жаштарды бул жакка тартуу абдан оор. Алар бир ай, жарым ай, эки ай иштеп, кетип калышат, азыр айрымдары көнүп калышты, иштеп атышат
Айыл өкмөтүнүн иши
Айыл өкмөтүндө айыл башы менен бирге 16 адам иштейт. Төрт айылда – Сары-Дөбөдө, Долондо, Кош-Дөбөдө, Аралда – старостабыз бар (айыл башы). Айылда айыл башы турмуш-тиричиликке байланыштуу баардык маселелерди чечет. Биз менен чогуу иштейт, биз аларга тапшырма беребиз. Мен аларга: "Силерге адамдар келиши үчүн ар бир айылда айыл өкмөтүндөй роль ойнойсуңар", – деп айтам.

Мен кесибим боюнча мугалиммин, Пржевальский пединститутун аяктагам. Мектепте директордун орун басары болуп иштегем. 1991-жылы айылдык кеңешке шайлашты. 1991-жылдан 1996-жылга чейин айыл кеңешинин төрагасы болуп иштедим. Андан кийин кайрадан мектепте орун басар болуп иштеп, 2000-жылы бул жакка келдим (айыл өкмөтүнө). Буюрса, дагы иштейбиз, биздин чакырылыш 2020-жылы аяктайт. Мына балдарды тарбиялап атабыз. Менимче үйдө эс алууга дагы жетишебиз, азыр эрте. Мына иштер ушундай.

Жаштарды бул жакка тартуу абдан оор. Алар бир ай, жарым ай, эки ай иштеп, кетип калышат, азыр айрымдары көнүп калышты, иштеп атышат. Аларды биринчи жылы качып кетишпесин деп акырын-акырын иштетүү керек. Иштеп-иштеп "койчу, жетишет" деп кетип калгандар да болгон. Азыр мурдагыга караганда татаалыраак – эл такыр башкача болуп калды. Эч нерсе түшүнбөгөн жаштар бар, бардыгы эле түшүнүшпөйт деп айта албайм, бирок башкача болуп калышты, аларга багыт берип, тарбиялаш керек. Айрымдары эч нерсе көрбөй үйдө отурушат да, дароо кыйкырып чыгышат: "Сен муну жасаган жоксуң, айыл өкмөтү муну жасаган жок, мектеп тигини жасаган жок, ИСПАКБ аны жасаган жок!". Ал эми өзү эч нерсе кылгысы келбейт. Чогулган учурда мен аларга:"Айыл өкмөтүнө бизге келгиле", – деп айтам. "Силер үчүн эшик дайыма ачык. Чогуу иштейбиз, көйгөй болсо чогуу чечебиз".

Мурда биздин бюджет аз болчу, баардыгына жетчү эмес, ал тургай айлык акыны ала албай калчубуз. Азыр, кудайга шүгүр, өзүбүздүн бюджетибиз бар, бирок биз дотациядабыз. Жолду оңдош керек болгон учурда тургундар менен сүйлөшүп, өздөрү каражат чогултушту. Азыр адамдар жакшы жашап калышты. Эң башкысы, кантип иштегенди үйрөнүштү, иштегенге ниет коюп калышты.

Жергиликтүү деңгээлде депутаттар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлашат. Мен бул абдан керек деп ойлойм,анткени эл шайласа, ага отчет берип турат: "Мен сени шайладым – ал эми сен муну жасаган жоксуң...". Шаардын мэрлерин, айыл өкмөтүнүн башчыларын эл шайлаганы туура.

Жергиликтүү кеңеш – бул мыйзам чыгаруучу орган, ал эми биз – аткаруучубуз. Элдин каалоосун биз аткарабыз, ал эми чечимди алар кабыл алышат. Алардын иши да абдан көп: бюджетти бекитиш керек, аны аткаруу керек. Шайланган депутаттар кээде муну унутуп калышат.
Дотациялык айыл өкмөтү – айыл өкмөтүндө чогулган салык менен киреше жетпестиктен республикалык бюджеттен кошумча каржыланган жергиликтүү бийлик органдары.

Айыл өкмөтүнүн бюджети
Бизде жер, транспорттук жана киреше салыктары бар, калган акчалар республикалык бюджеттен алынат. Бюджет жылына 5,8 миллионду түзөт, болжол менен республикадан алынгандын жарымынан көп. Төрт китепкананы, эки клубду каржылайбыз. Мектепти камсыздайбыз – коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү, электрэнергияны, көмүрдү сатып алабыз – болжол менен миллион сом кетет. Мектептер пайдаланган суу үчүн да биздин бюджет аркылуу төлөйбүз. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, негизинен жергиликтүү бюджеттин эсебинен кетет. Жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча иштерди негизинен долбоорлор аркылуу жасайбыз, бюджеттин өзү менен эле эч нерсе жасай албайбыз, анткени ал абдан чектелүү.

Өткөн жылда банкттардын бири аркылуу Миң Булактагы мектепте мыкты ремонт жасалган. Айылдык мектептин жана клубдун ремонтун "Mercy Corps" уюму аркылуу жасадык.Азыр алар алма өстүрүп, балдарга шире чыгаруу үчүн чакан бак отургузушту. Буга да "Mercy Corps" жардам берди, жергиликтүү бюджеттен да кетти. Ысык-Көл областынын өнүктүрүү фонду "Кумтөр" аркылуу жакшы материалдык жардам алышуда. Азыр беш айылдын үчөөсүндө спортзалдар бар, ал эми төртүнчүсүндө, Аралда, курулуп жатат, бул да болсо жакшы. Иштер мына ушундай.
2009-жылы Чын Куран айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши тарабынан Кумтөрдүн долбоору боюнча жаңы шарттар тууралуу Макулдашуу ратификацияланып, Ысык-Көл областын Өнүктүрүү Фондуна (андан ары текст боюнча – Фонд) ЗАО "Кумтөр Голд Компанинин" дүң кирешесенин 1% өлчөмүндө ай сайын каражат которуу каралган. Бул каражаттар областын экономикалык кубатын, социалдык инфраструктурасын социалдык маанилүү долбоорлорду каржылоого жумшалмакчы.

Жыйналышта ар бир айыл өзүнүн көйгөйлөрүн алып чыгышат, андан кийин беш айылдан адамдарды чогултуп талкуулайбыз – мына бул биринчи көйгөй, мына бул экинчи көйгөй, анан алар добуш беришет
Район боюнча артыкчылыктуу маселелерди чечүү үчүн ачыкка алып чыгуу
Жыйналышта ар бир айыл өзүнүн көйгөйлөрүн алып чыгышат, андан кийин беш айылдан адамдарды чогултуп талкуулайбыз – мына бул биринчи көйгөй, мына бул экинчи көйгөй, анан алар добуш беришет. Кайсы көйгөй көбүрөөк добуш алса, демек ал биринчи кезекте чечилет, эгер мүмкүнчүлүк болсо – биздин (айыл өкмөттүк) бюджет аркылуу чечилет. Маселен мындай көйгөй чыкты: жаңы конуштарда суу жок – Аралда жана Миң-Булакта. Анан кийин долбоордун алкагында жакталып, швейцариялык долбоордон каржылоо алынды.

Азыр биздин эң чоң көйгөйүбүз – беш айылда балдар бакчасы жок. Бир айылда да балдар бакчасы жок. Миң-Булак айылында ФАП жок. Ушул жылы АРИСке (Кыргыз Республикасынын коомчулугун өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосуна) арыз беришти Колдоо көрсөтүлдү, бирок жакшы жыйынтык чыккан жок. Өткөн жылы биз Долон жана Сары-Дөбө айылдарына республикалык бюджет аркылуу эки заманбап мектеп курдук. Долондо имарат бошоп калды эле, аны балдар бакчасы кылып кайра жасасакпы деп турабыз. Эгер бир айылда балдар бакчасы болсо, Миң-Булак, Сары-Дөбө айылдарынан балдарын ташып келишет эле – азыр бардыгында транспорт бар,. Азыр үч сааттык балдар бакчасы бар (мектепте), бирок мыктысы жок. Интернет өткөрдүк, кабель менен, ылдамдыгы ырас эле, бардыгы эле жакшы – бир гана балдар бакчасы жетишпейт.

- Миң-Булакта ФАП жок дебедиңизби. Бул деген, негизинде бул жерде медициналык уюмдун жок экендигин билдиретпи?

- Аралда бар, ал жакка эмдөөгө алып барышат же ошол жакка кайрылышат.

- А эгер кимдир бирөөгө тез жардам керек болуп калсачы?

- Азыр телефон бар да, чакырышат, машина менен алып барышат.

- Ал бул жактан алыспы – Арал? Канча убакыт кетет?

- 2 км.

- Ырас эле го, негизинен алыс эмес деп ойлогом.

- Аралда үй бүлөлүк дарыгер бар, ал эми башка айылдарда ФАП бар.

- Сиз айылдык Саламаттыкты сактоо комитети тууралуу да айттыңыз эле.

- Ооба.

- Алар кайда негизделген?

- Алар коомдук башталышта.

- Мен алардын имаратын бар болуп болбогондугун сурагым келди эле.

- Ар бир айылда комитеттер бар, биз аларды ФАПтарга бекиткенбиз. Алар чогулган учурда, бирге иштөө үчүн өзүнчө бөлмөнү пайдаланышат.
Арал айыл округунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Бактыбек Мамытов жана Арал айыл округундан долбоор координатору Азамат Жигитеков маектешүү үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Мамлекеттик башкаруу, уюм жана өз алдынчалуулук (борбордон алыстатуу)
Демократиянын жүзөгө ашуусу үчүн жарандарды саясий процесстерге улуттук жана жергиликтүү деңгээлде тартуу мааниге ээ. Саясий институттар баардык деңгээлде инклюзивдүү, ачык жана отчеттуу болушу үчүн Швейцария менен Кыргызстан кабыл алган күч-аракеттерди колдоого алат.

Жергиликтүү өзүн өзү башкарууну Швейцариянын колдоосу жергиликтүү өнөктөштөр менен бирге жарандардын, анын ичинде аялдардын бюджеттик процесстерге катышуусун жогорулатты, бул өз кезегинде швейцариялык долбоорлор ишке ашырылып жаткан жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын иштерине жарандардын канааттаануу деңгээлин көтөрдү. Швейцариянын колдоосундагы иштелип чыккан модель улуттук мыйзамдар аркылуу бекемделди. Швейцария өлкөгө мамлекеттик жана муниципиалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын, өзгөчө калктын аялуу катмары үчүн, жакшыртууну колдоого алат. Улуттук деңгээлде Швейцария кыргыз бийликтерине мамлекеттик каржыны башкарууну күчөтүүдө колдоо көрсөтөт.

Мына ушул жетишкендиктерди бекемдөө, узак жылдарга созулган келечектүү болушу үчүн андан ары реформалоо зарыл. Швейцариялык кызматташуу Кыргызстанга жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдү камтууну кеңейтүүнү, мындан тышкары бюджет аралык мамилелерди кайра карап чыгуу, мамлекеттик каржыларды башкарууну жакшыртууну улантат. Өкмөттүн жана парламенттин жарандарга отчеттуулугун камсыздоо үчүн парламенттик системаны бекемдөө боюнча максаттуу иш-аракеттер кабыл алынат.

Кыргызстандагы мамлекеттик башкаруу тармагындагы долбоорлор:
  • ЖӨӨБ органдарынын отчеттуулугу жана жарандардын жигердүүлүгүн күчөтүү: Кыргыз Республикасындагы бюджеттик процесстерге жарандардын катышуусу;
  • Кыргыз Республикасында жергиликтүү деӊгээлде мамлекеттик кызматкөрсөтүүлөрдү жакшыртуу;
  • Жарандардын жигердүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия;
  • Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик каржыларды башкаруу тармагындагы күч-кубатты өнүктүрүү (Европа союзунун биргелешип каржылоосу менен).