Суу жалпы менчик болуп эсептелип, тамактануу, тазалык, сугат сыяктуу ар түрдүү пайдаланылуу менен адамдын жашоосу үчүн чоӊ мааниге ээ. Климаттын өзгөрүшү жана суунун тартыштыгы өсүп жаткан шартта аталган ресурсту үнөмдүү пайдалануу зарыл. Швейцария булактан тартып, ичилүүчү суу, сугатка чейинки кызмат көрсөтүүлөргө чейин суу ресурстарын интеграцияланган башкарууну колдоого алды. Бул концепция бассейндик ыкманы жайылтуу, бардык булактар үчүн маалымат системасын киргизүү жана сууну пайдалануудагы уруксат берүү системасын камтыйт. Тактап айтканда, Швейцариялык кызматташуу суу пайдалануучулардын 486 ассоциациясынын колдоосу аркылуу сууну сугатка пайдалануу максатында пайдалануудагы натыйжалуулукту жогорулатуу үстүндө иштеди. Мындан тышкары, швейцариялык кызматташуу кыргыз бийликтерине башкы шаарларын суу менен камсыздоодогу шаар системасын калыбына келтирүү, кеңейтүүгө жардам берүү менен 2 миллиондой жаранды таза суу менен камсыздап алардын турмушунун сапатын жакшыртат.
Швейцария суу секторундагы реформаларды колдоо, баардык жарандарга көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу үчүн суу чарба структурасынын кубатын жогорулатуу максатында улуттук жана жергиликтүү диалогдорго катышуусун улантат.
Суу ресурстарын башкаруу жана агымдын жогору жагындагы жайгашкан өлкөлөр менен (Кыргызстан, Таджикистан), агымдын төмөн жагында жайгашкан өлкөлөрдүн (Казахстан, Өзбекистан) кызыкчылыктарындагы ажырымды азайтуу үчүн Борбордук Азия кызматташуусундагы башкы нерсе болуп эсептелет. Швейцария Борбордук Азиядагы баардык өлкөлөрдүн пайдасы үчүн аймактык диалогду өнүктүрүү аракеттерин сунуштайт, бул өз учурунда аймактагы тынчтык кызматташууну жана туруктуулукту камсыздайт. Швейцария каржылаган долбоордун алкагында Кыргызстандан Казахстанга агып чыгуучу Чүй дарыясы, Талас дарыясынын бассейндериндеги суу ресурстарын башкаруу үчүн трансчекаралык комиссия колдоого алынат.
Суу ресурстары жана инфраструктурасы тармагындагы Кыргызстандагы жана аймактык деңгээлдеги долбоорлор:- "Blue Peace" суу дипломатиясы программасы (Борбордук Азия);
- Чу жана Талас трансчекаралык дарыя бассейндериндеги сууну эсепке алуу (Кыргызстан, Казахстан);
- Улуттук суу ресурстарын башкаруу долбоору (Кыргызстан);
- Ат-Башы ГЭСин реабилитациялоо долбоору (Кыргызстан);
- Бишкектеги суу менен камсыздоо жана суу өткөрүүнү жакшыртуу боюнча долбоор (Кыргызстан);
- Ош жана Жалал-Абад шаарларын суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо долбоору (Кыргызстан);
- Нарын шаарын суу менен камсыздоо жана суу өткөрүү системасын реабилитациялоо боюнча долбоор (Кыргызстан);
- Каракол шаарын ичилүүчү суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо (Кыргызстан);
- Кант шаарын суу менен камсыздоо жана канализация боюнча долбоор (Кыргызстан).