Аудио-инсталляцияны угуу үчүн кулак тыңшалуу аспапты колдонуу сунуштайбыз
Кол өнөрчү аялдар өз буюмдарын аз санда же көп санда жасайбы, тилекке каршы, сатып өткөрүү начар болот., Бул Кыргызстанда аябай чоң көйгөй. Себеби бизде кол өнөрчүлөр абдан көп. Ар бир кыргыз аял – кол өнөрчү. Менин апам шырдак шырып, дагы башка буюмдарды жасачу. Ал белгилүү "оймочу" деп аталчу, азыр болсо "дизайнер" деп аталат
Биз өндүрүшүбүздү "Сайма" тобу катары 2004-жылы баштаганбыз. Башында, албетте, оор болду. Биз эжем экөөбүз жүн жок болгондуктан апам жасаган төшөктөрдү бузуп, анын жүнүн алып, кийизден жасалган сүрөттөр үчүн пайдаланган убакыттар да болду. Кйинчерээк жүндү Токмоктон сатып алса боло турганын билдик. Ал кезде камволдук комбинат иштеп аткан учур, анын дүкөндөрүнөн да сатып алчубуз. Жаңы баштаган учурда алдыга жылыш үчүн ар кандай жолдорду издедик, азыркыдай кубаттуу өндүрүшүбүз жок болчу. Биз жергиликтүү рынокторго чыга баштадык, көргөзмөлөргө катыштык. Ал кезде кол өнөрчүлөрдүн өндүрүшү бизде жок болчу. Андан кийин Алматыга бара баштадык. Казахстандын эли абдан кызыгуусун арттырып, аларга биздин буюмдар жакты. Негизинен чоң паннолор бул эжемдин чыгармачылык иштери. Менин эжем-адис сүрөтчү-дизайнер, кол өнөрчүлүк искусствосу боюнча сүрөтчү, анын иштери дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө көргөзмөлөргө коюлган.
ЮНЕСКОнун "Сапат Белгиси"
Андан кийин чоң көркөм иштерден башкаларды да жасай баштадык. Ушуга окшогон бир нерселерди жасоо керектигин түшүндүк, ошондуктан кийизден баш кийимдерди жасай баштадык. 2006-жылы ЮНЕСКОнун "Сапат белгиси" сертификатын алдык. Эл аралык рынокто бизди тааныганы бизди аябай кубантты. ЮНЕСКОнун "Сапат белгиси" сертификатын ыйгаруу боюнча комиссия Тынч океан-Орто Азия аймагында эки жылда бир жолу өткөрүлөт. Биз кол өнөрчүлүк буюмдарыбыз менен арыз бердик – биздин бир нече баш кийимдерибиздин моделдерини, кийизден жасалган үй буюмдарды – жаздыктарды сунуштадык. Бул жерде кыргыздын салттуу басма саймасы бар болчу. Андан сырткары биз жаңы стилдеги ала кийиз техникасын пайдаландык. Андан бери "Сапат белгиси" боюнча бир нече сертификаттарды алдык. Алардын бири "Бактылуу балалык" коллекциясы – жаздык, кичинекей жер төшөк жана ала кийиз килемчелери. 2016-жылы сувенир буюмдарын сунуштадык.

Эл аралык рынокко чыгуу биздин кыялыбыз болчу. Биз буйрутма алууга жетишүү үчүн көпкө издендик, анткени көркөм бумдар жана аз сатык менен өндүрүшүбүз жетиштүү деӊгээлде өнүкпөй турганын түшүндүк да. Кийинчерээк бизди импортерубуз болгон америкалык аял тапты. Ал Кыргызстанда кийизден жасалган сувенир буюмдарды сатып ала баштады. Алгачкы жылдары биз өзүбүздүн экспортер экенибизди да билген жокпуз. Бул терминди көп аңдабай эле, жөн гана 2006-2007-жылдардан тартып экспорттой баштадык.
Биз эжем экөөбүз жүн жок болгондуктан апам жасаган төшөктөрдү бузуп, анын жүнүн алып, кийизден жасалган сүрөттөр үчүн пайдаланган убакыттар да болду
Жеңил өнөр жай экспортко
2013-жылы биз Швейцария элчилигинин Кыргызстандагы соода-сатыкты алдыга жылдыруу боюнча "ITC" долбооруна кирдик . Бул долбоорго көптөгөн тигүү ишканаларыжана жеңил өнөр жай кирет. Кол өнөрчүлүк дагы анын бир бутагы болуп саналат. Маркетинг үйрөтүлүп, жаңы коллекцияларды иштеп чыгуу, буюмдарды кантип сатуу, Европа же Америка өлкөлөрү эмнени баалаша тургандыгы тууралуу тренингдер өткөрүлдү. Бизди Франкфурттагы "Ambiente" эл аралык дүӊ көргөзмөсүнө алып барышты. Ошондо биз импортерлор деген кимдер, буйрутмаларды кантип дайындай турганын көрдүк. Маселен, бирөөсүн эң аз партиясы эки миңден турган ар бири өзүнчө буюмдар, же бир эле түрдөгү кийиз оюнчуктардын ар кандай түстөрү кызыктырды.

Мына ушулардан кийин биз Европа рыногуна эмнени жасаш керектигин, кандай түстөрдү, оюнчуктарды жактырыша тургандыгын түшүндүк. Алгачкы жылдары мен үчүн абдан оор болду – бул рынокко чыгуу оор болду, себеби биз көп нерселерди билчү эмеспиз: – маркетинг, экспорттоо, бажы кызматтары менен иш алып баруу. Европага жөн эле чыгып кете албайсың – алардын документтери менен талаптарын билиш керек. Буюмдардын, боёктордун сапатына коюлган талаптарды да билүү зарыл. Мурда сатып алгандарыбыз менен иштей берчүбүз, азыр сертификат менен тастыкталган германиялык боёкторду пайдаланабыз. Европага экспорттолгон продукциябыз эң ири "Dax" европалык лабораториясында тестирленет, себеби бизде Кыргызстанда эл аралык деңгээлде иликтеп, сертификат бере турган лаборатория жок. Бул биз үчүн олуттуу кыйынчылыктарды жаратты, мени дагы абдан бушайман кылды, бирок ушул убакыттын ичинде биздин сувенирдик буюмдарыбыздын экспорттук көлөмү 80%-га өстү.

Бирден жасала турган буюмдарды, чекене сатылгандарды, жылына чакан партияларды сатып ала турган туруктуу кардарлар бар. Сезондук продукция бар,мисалы, Рождество, Пасха, Сүйүшкөндөр күнү сыяктуу.өзгөчө күндөрдө сатылган. Андан тышкары жыл бою сатылган,сезонду билбеген сувенирлер бар . Биздин сувенирдик продукциябыздын бардыгы экспортко багытталган. Биз кимге эмне даярдаш керектигин билебиз. Ал эми жаңы кардарлар болсо, сураштырып, иликтеп, өздөрү менен сүйлөшөбүз.

Биз товар жөнөткөн негизги өлкөлөр – Америка, Швеция, Италия, Орусия жана Казахстан. Мындан башка азыраак партиялар менен башка өлкөлөргө дагы жөнөтөбүз. Германияда бир нече шаарда адилеттүү соода системасы менен иштеген үч ири сатып алуучубуз бар. Алар үчүн ар бир этапта канча сарптаганым менен эмгегим маанилүү, б.а. баасы кантип чыкты, кандай материалдарды колдондум – баардык эсеп-кысапты жөнөтөм.
Европа жана Азиянын бардык рыноктору үчүн маркетинг жана сатуу мүмкүнчүлүктөрүн сунуштаган керектүү товарлар, дизайн, идиш, белектер жана үй жасалгаларынын серияларынын алдыңкы соода жарманкелери. https://ambiente.messefrankfurt.com/frankfurt/en/facts-figures/worldwide.html
Чеберлер
2004-2005-жылдары жаңыдан баштаган учурда өзгөчө жумуш деле жок болчу, бирок азыраактан жасай бердик, сайма сая ала турган башка аялдарды тарттык, үйүнө иштеш үчүн бердик. Алар үчүн биз материалдарды даярдадык. Алар үйүндө короосунда отуруп эле кичинекей сүрөттөрдү жана паннолорду сайышты. Короого кирген башка аялдар аларды көрүп сурашып, бизге келе башташты. Мына ушинтип бизге келе башташты – топко элүү кишиге чейин чогулду. Биздин буйрутма берүүчүимпортерубуз пайда болгон учурда анчалык көлөмдү жасоого жетишпей, атайын чеберлерди топтой баштадык. Бир нече саймачыларды топтоп баш киймдерди даярдай баштадык, анан тигүүчүлөр керек болду. Эки кийиз басып даярдоочуну алдык.

Чеберлер адеп келген учурда көп нерселерди билишпейт, сапатка ылайыктуу болуш үчүн биз аларды окутабыз. Биздин устаканага келгенде анын көндүмдөрүн түшүнүү үчүн биздин бере турган биринчи сурообуз: "Аял мурда эмне менен алектенген?" Окутуп аткан учурда ал эмнеге жөндөмдүү экендигин байкайбыз. Айрымдар бир жумада окуп бүтүшөт, өздөрүнүн аракети менен ыргагыбызга бат эле кирип кетишет, ал эми каалоосу бар болсо, өмүрүндө ийне кармап көрбөгөндөргө деле үйрөтөбүз. Окуткандан кийин чеберчиликке чейин жеткиребиз. Этап менен, акырындык менен биринчи, экинчи оюнчукту үйрөтөбүз. Ар бир оюнчук өзүнүн өзгөчөлүгүнө ээ болот: эшектин көздөрү башка, башка жаныбардыкы дагы башкача, мүйүзү, куйругу болуп кете берет. Көпчүлүк чеберлер бир жаныбарга адистешип алышат, бирөөсү кой, бирөөсү төөнү жасашат. Биз буюмдун сапатына абдан олуттуу карайбыз, анткени эл аралык рыноктун талабына татыш керек. Эгер үлгү иштеп чыксак, ал миңдей болуш керек – демек, бардыгы үлгү сыяктуу болуш керек.

Азыр бизде 30-га жакын аял чеберлерибиз бар. Алардын 5-6-оосу устаканада иштешсе, калгандары үйдө отуруп иштешет. 12-15 жылдан бери иштеген айрым кызматкерлер эмне жасаш керектигин абдан жакшы түшүнүшөт. Мисалы, кандай бугу жасаш керектигин айтсак эле, өздөрү бүт материалды тандап алышат. Бычмачы бардыгын бычат, калгандарына даяр бычылгандарды беребиз. Буга дароо эле келген жокпуз. Адегенде толугу менен кездемени берчүбүз, продукция сапатсыз болуп калчу. Ар бири билип-билбей быча берет, албетте, бугу анчалык мыкты чыкпай калган.
Ар бир оюнчук өзүнүн өзгөчөлүгүнө ээ болот: эшектин көздөрү башка, башка жаныбардыкы дагы башкача, мүйүзү, куйругу болуп кете берет
- Бир оюнчукту жасаш үчүн канча убакыт сарпталат?

Кийиз сатып алабыз, аны жайып, кийиз басабыз – бир, бир жарым күн болотнай жасаганга кетет. Андан кийин бир күн кургатабыз, эгер зарыл болсо боёйбуз. Андан кийин бычканга беребиз, эки чебер отурат, деталдарды дайыма бычышат, андан кийин тиккенге беребиз.
Даярдаганга үч күн, тиккенге өзүнчө кетет. Бардыгынын өз убактысы бар – бирөө бир жумада 100 нуска тигет, башкасы бир жумада 10 нуска тигет.

- Оюнчуктардын моделдерин жаңыртып турасыздарбы?

Анан калса, ар бир буюмдун өзүнүн жашоосу бар. Айгүл куурчагына дайыма суроо-талап күч. Жаныбарлар дүйнөсү да суроо-талапта, башка оюнчуктар эки жыл, үч жыл жакшы сатылат, андан кийин өтпөй калат, алардын цикли аяктап, жаңыртууну талап кылат.

Устанаканадагы иш үчүн акы туруктуу, ал эми үйдө иштегендер жасаганына жараша алышат. Ар бир буюмдун өз баасынын калькуляциясы бар – чеберге канча төлөш керек, канча чийки материал, салыкка канча кетет, жарык берүү менен унаа сарптоолору. Телефондор, көз айнектер, аксессуардар, баштыктар үчүн каптарды тигебиз. Сайма жана майда деталдар үчүн өзүнчө төлөйбүз, иш канчалык майда болсо, ошончолук кымбат болот.

Кадрлар туруктуу эмес. Албетте, биз окутуп, даярдоо үчүн аз эмес убакыт коротобуз. Чеберлер бизде калып көпкө иштесе жакшы, бирок ар кандай себептер, шарттар менен келишет-кетишет, бирөө башка жакшы төлөгөн жумуш табат. Мындай учурда биз кармай албайбыз. Айрымдар кайра кайтып келишет. Негизинен бизде кошумча айлык акы төлөнөт. Болжол менен чеберлердин 60% (30 адам) ар кандай жумуштарда иштейт – мамлекеттик структураларда эмгектенгендер, дарыгерлер, смена менен иштеген медайымдар, балдар менен үйдө отургандар да болот. Негизинен аялдар жамааты, эркектер жок. Эң кызыктуусу баардык аялдарга үйлөрүндө күйөөлөрү жардам беришет. Бычып же бириктирип тикккен учурлар бар, алардын колдорунан келет. Жаңы адамдар келген учурда биз дайыма: "Сурап көр – колунан эмне келет экен" – дейбиз. Андан кийин эркектер өздөрү тартылып кетишет.
Социалдык ишканалар
Ар бир чебердин жардамга муктаж болгон учурлары болот. Мындай учурда аларга акчалай сыйлык беребиз, же көйгөйлөрүн чечүү үчүн аларга керектүү жардам беребиз. Көйгөйдүн бардыгын чече албаспыз, бирок чечкенге катышабыз.

Түшкү тамакты, эртең менен чай беребиз. Адегенде, алар идиштерге салып тамактарын ала келишчү, кимдир бирөө өзүнүн тамагын алып чыгып жегенден тартынып атса, бул тамактануу болбой кала турганы көрдү. Өзүбүз чечели дедик, анткени ар кимдин ар кандай мүмкүнчүлүктөрү бар – келип иштей бергиле.

Биз социалдык топпуз, б.а. мүмкүнкүнчүлүгү чектелген же алардын балдарынын мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар менен иштейбиз. Дүлөйлөр коомунан келген чеберлер бар. Алар менен иштөө, жардам берүү – биз үчүн маанилүү. Өздөрүнүн эмгеги менен иштеп табышат – анча чоң эмес каражат,бирок ошентсе да иштеп табышат. Жалпы жамааттын 15%-ыны мүмкүнчүлүгү чектелгендер түзөт. Балдары көп жалгыз бой энелер бар, алардын толук күн иштөөгө шарты жок, бул жерде алар сувенир тигишип, акчасын алышат.

Иштеп баштагандан кийин бул адамдар үчүн белгилүү бир жоопкерчиликти аласың, себеби ооруулуу баланын апасы күтүп атат, ага дары сатып алыш керек же балдарга тамак-аш алыш керек. Албетте, биздин өзүбүздүн балдарыбыз бар, алар ушул чөйрөдө өсүп, ушул чөйрөдө жашап атышат. Биздин туугандарыбыздын балдары да көп келип турушат, аларга да абдан кызыктуу.

Салттуу ыкмаларды, кийимдерди, тамак-ашты сактаган адамдар бар экендиги абдан жакшы. Биз да ал адамдардын бир бөлүгүбүз деп ойлойм, себеби каалоочулар бизге көрүш үчүн келишет, үйрөнүшөт, кийиз менен иштешет. Мына ушунтип жашап атабыз.

Шейшеева Светлана жана Шейшеева Фаризешке ("Сайма" уюмунун жетекчилери) маек үчүн ыраазычлык билдиребиз.
Мага түшүндүргөн жана тиккен жагат. Техникумдагы биздин группа фабрикалык болчу. Биз окууну бүтүп фабрикаларга бармакпыз, бирок биз окууну бүткүчө, бардык фабрикалар жабылып калды, ошондуктан ательеде иштегенге туура келди. Кийин жеке цехтер пайда болду, башында алар технологу жок эле иштечү, анткени 5-6 эле киши өздөрү тигишчү
Тигүүчү
Менин атым Айдана, бул фабрикада алгачкы ачылган күндөрдөн тарта 10 жылдан ашык убакыттан бери иштейм. Фрунзе Политехникалык институтунда Архитектор бөлүмүндө окугам. Мамкаттоодо иштегем. Кийин мени жумуштан бошотушту, ал кезде апам ооруп калып мага жумуш керек болгон. Ал кезде бул цех Тунгучта бир бөлмөлүү батирде болчу. мен ал жакка жашап, тааныш аркылуу келип калгам. 2002 – жылы тиккенди үйрөнгөм, азыр болсо 5 баскычтын операторумун.

- Ал эмне маанини билдирет?

Жакшы тигүүчү, баарын билет.

Башында 4 киши иштечүбүз, шарттар начар болчу. Кийин 10-20 киши, азыр болсо 100гө жакын. Мурда иштегендерибиз жөнүндө азыр ойлонсок, күлкүлүү. Өзүбүз бир канча катты бычып, бүйүрмөнү колубуз менен жасап, үтүктү газга ысытчубуз. Кийин цехтин жетекчиси чоңураак бөлмөнү арендага алып, бычкан цехти өзүнчө, тигүүчү цехти өзүнчө кылган. Ал жакта 5-6 жылга жакын иштеп, анан бул имаратты курдук.

Цех экинчи үйүбүз болуп калды. Башка жерлерде сезон алмашканда убактылуу жумушсуз калышат. Бизде болсо, бүгүн жөнөтүү болот дегенде, убагында баарын бүтүргөнгө аракет кылабыз, ошондуктан жумуш дайыма бар, баары ынтымактуу. Айлык акы кылган ишибизге жараша, ар бир ишемби жума ичи тиккенибиз үчүн акча алабыз. Мага пенсияга чыкканга аз калды, ага чейин бул жакта эле иштеп бүтүрөм.

Биринчи кабатта бычмачылар отурушат, алардын жанында дизайнерлер отурушат, алар үлгүлөрдү жасашат. Экинчи жана үчүнчү кабатта тигүүчүлөр отурат, таңгактоо дагы өзүнчө. Биздин экинчи кабаттагы тигүүчүлөрдүн көбү 5-6 жылдан бери иштешет. Кечке чейин баардыгын тигебиз, үтүкчүлөр үтүктөшөт, ТКБ (техникалык көзөмөлдөө бөлүмү) ар бир тигүүчү канча бычманы алганын санап, текшерип көрүп, анан таңгактоого жөнөтөт. Эгер бир нерсенин сапаты начар болсо, оңдойбуз, ТКБ бекитүүсү жок эч болбойт.

- Тигүүчү болуп иштеген оорбу?

Мурда оңой болчу, азыр оор, анткени сапат боюнча талаптар катуурак, фасондор тез-тезден өзгөрүп турат, алар алмашпаса дагы жыл мезгилдерине карата кездемелердин калыңдыгы калың же жука болуп алмашат-, колду көндүрүп туруу керек. Бирок эгер каалоо болсо, иштесе болот. Мисалы, бүгүн жаңы фасон келет, бычылган кездемени беришет, ошол эле күнү кечинде биз линейканы бүтүрүшүбүз керек. Ага чейин тапшырыктын ээси дизайнер менен иштейт. Алар өздөрү иштеп, бирди үлгү катары тигишет, анан технолог бизге түшүндүрөт. Анан биз дароо тигип баштайбыз. Баарын башынан аягына чейин өзүбүз тигебиз. Бул жакшы анткени бардык буюмдун сапаты үчүн өзүн жоопкерчиликтүү болосун. Бирөөдөн көз каранды дагы болбойсун,себеби бирөө ооруп калса же өлгөнгө кетип калса жумуш токтойт. Ошондой эле ар кимдин ылдамдыгы ар кандай, кээбирөө тез-тезден тигет, кээбирөө жай. Бирөө бүтүп, бирөөнү кутүп калат, ошондуктан өзун тиккен жакшы. Эч кимди карабайсын, эч кимден көз каранды эмес, канча тиге алсан ошончо тигесин.

Продукцияны Орусияга, Казахстанга жеткиребиз, дайыма тапшырык кылышат. Биз бир же эки жума тигип, анан көбүнчө аялдардын көйнөктөрү же спорттук кийимдерден турган 30 тоннага жакын жүктү дүң жөнөтөбүз, . Мурда Тажикстанга стразалары бар шымдарды жана Ош шаарынын базарларына улуттук буюмдарды тикчүбүз, 2-3 жыл мурда баркыттан орнаменттер, саймалар мода болчу. Саймаларды башка жерден алчубуз, биз буюмдарды тикчүбүз, көбүнчө жаш балдардын буюмдары, аялдардын футболкалары, байпактар. Кооз болчу, кирип келе жатканда сүрөттөрдү көрдүнүзбү?
Технолог
Мен "Бархат" өндүрүшүндө технолог болуп 4 жылдан бери иштейм. Келген күндөн бери жакшы иштешип кеттик. Кесибим боюнча тигүү өндүрүшүнүн технологумун, технологиялык техникумду аяктагам. Менин милдетим тигүүчулөргө түшүндүрүү, эмнеден баштап кантип тигүү керектигин айтып жардам берүү. Ар күнү бизде конвейерлер алмашат, моделдер алмашат, мындайча айтканда тигүүчүлөр үчүн ар күнү жаңы нерселер болот. Менин милдетим аларга тушүндүрүү, сөз менен түшүндүрөм. Кээде аларга түшүнүктүү болсун деп техникалык сүрөттөрдү жана үлгүлөрдү көрсөтөм. Кээбир моделдерде өзгөчөлүктөр болот, тигүүчүлөргө алар жөнүндө алдын ала айтуу керек. Биз бир эле тапшырык берүүчү менен иштебейбиз, алар бир канча, ар бирөөнүн моделдери ар кандай, ошондуктан ар күнү ар башкача, бирок убакыттын өтүүсү менен кээбир моделдер кайталанат. Көйнөк тигебиз, кээде спорттук кийим булар биз үчүн оңой, анткени иштеп чыгуу окшош эле. Көнүп калдык, бирок мурдагы жылдарга салыштырмалуу оор болуп калды, анткени рыноктун талаптары күчөдү. Жөнөкөй кийимди эч ким кийбей калды, эксклюзивдүү жана башкача болуусун каалашат. Мына ушундай иштейбиз.
Жумуш процесси мындай: бүгүн моделди беришет, биз, технологдор, үлгүсүн тигебиз, анан тапшырык ээлери менен сүйлөшөбүз. Аларга жакса, алар рулонду сатып алып келишет. Бүгүн алып келишсе, эртең эртен менен бычуу башталат, андан кийинки күнү тигүү башталат. Кечке чейин бир-эки линейка тигилип калышы керек
- Жаңы моделди үйрөнүү оорбу?

Оор, анткени моделдер алмашат, ар дайым жетишпейсин. Тапшырык ээлери бүгүн рулонду алып келишип, эртең товарды сурашат. Аз убакытка, көп сандагы жумушту беришет. Буюмду дароо эле алууну каалашат, бирок буюм сапаттуу, кооз жана өз убагында болуусу үчүн эмгек сарпташ керек.

Жумуш процесси мындай: бүгүн моделди беришет, биз, технологдор, үлгүсүн тигебиз, анан тапшырык ээлери менен сүйлөшөбүз. Аларга жакса, алар рулонду сатып алып келишет. Бүгүн алып келишсе, эртең эртен менен бычуу башталат, андан кийинки күнү тигүү башталат. Кечке чейин бир-эки линейка тигилип калышы керек.

Жаңы фасонду аз убакыттын ичинде үйрөнүү керек, баарына бирден түшүндүрүш керек. Кээде эки-үчтөн тигүүчүнү чогултуп, түшүндүрүп, анан түшүнүп түшүнбөгөнүн текшерип турам. Тушүнүү үчүн жарым саат, бир саат жок, анткени тапшырыкты убагында өткөрүп бериш керек. Бир эле убакытта тигүүчүлөр менен дагы иштейм, эң оңойдон баштайбыз, мен кээбир бөлүкчөлөрүн кылгыча, алар чөнтөктөрүн жасап, шымдар үчүн резиналарды кесип, анан негизги бөлүктөргө өтүшөт. Мына ушундай. Бир-эки эле күн берилет. Калган партиялары үчүнчү күнү тигилет. Партия – бул 200-300 даана, эң аз дегенде 140. Кээде мындан дагы аз болот, бир моделди кайрадан тигүү тапшырыктары аз эле болот. Чоң партиялар 500, 600, 700, 1000,1300 даанадан турат. Мындай партияларды Орусияга интернет магазин үчүн тигебиз. Азыр баардык чоң цехтер технологдор менен иштешет, анткени оор, фасондор алмашып турат, бирок кесиби боюнча иштеген технологдорду жолуктура элекмин. Бул цехте кесиби менен мен элекмин.



- Сизге жумушуңуз жагабы?

Жагат. Мага түшүндүргөн жана тиккен жагат. Техникумдагы биздин группа фабрикалык болчу. Биз окууну бүтүп фабрикаларга бармакпыз, бирок биз окууну бүткүчө, бардык фабрикалар жабылып калды, ошондуктан ательеде иштегенге туура келди. Кийин жеке цехтер пайда болду, башында алар технологу жок эле иштечү, анткени 5-6 эле киши өздөрү тигишчү.

Кадрлардын тез-тезден алмашуусу баардык цехтерде бар. Кыздар ары бери чуркап, ыңгайлуу, моделдери оңой, өздөрунө жакын цехтерди издешет. Кимге жакса, алар отуруп алып иштешет. Тигүүчүлөр келгенде: "Кыздар жагып атабы? Эгер жакса, калып бир жума иштеп көргүлө, эгер жакпаса, силерди эч ким байлап кое албайт", – деп айтам. Азыр Кыргызстанда баары көнүп калышкан, эмгек китепчеси жок, система жок, кандай кааласа ошондой болот. Биз тигүүчүлөрдү алабыз, кимге жакса калат, кимге жакпаса дагы издешет. Кээде чалып: "Силерге кайра барсам болобу", – деп сурашат. Мен болсо: "Ооба, албетте, болот", – деп жооп берем. Мына ушундай кабыл алабыз.
Цехтин жетекчилиги
Менин атым Кунасов Чоро, мен цехтин ээси Кунасова Нуржандын бир тууган иниси болом. Биздин цех 15 жылга жакын убакыттан бери иштеп, аялдардын кийимин тигүү менен алектенет. Көбүнчө Орусия жана Казахстан үчүн тигебиз. Мен 7 жылга жакын убакыттан бери иштейм, кесибим боюнча банкирмин. 2010 – жылдагы революциядан кийин жумушу жок калып, эжеме жардам бергени келгем, бухгалтерия менен иштейм.

Орусияга жана Казахстанга жөнөтөбүз, так шаарларды айтып бере албайм, бирок менин оюмча Москва, Чымкент жана Алматыга жөнөтүлөт, балким, башка дагы шаарлар бар. Өндүрүмгө болгон талап жакшы, анткени биздин жумушубуз токтоосуз, баардык мезгилдерде жүрөт. Биз Дордой үчүн тигебиз, анан ал жактан экспортко алып кетишет. 95% Дордой аркылуу кетет. Биздин тапшырык берүүчүлөр үлгү моделди тигип, өзүнүн тапшырык берүүчүлөрүнө көрсөтүшөт, же биз аларга чакан партияны тигебиз. Эгер модель жакшы болсо, андан ары бизге тиктиришет.

Тигүү секторунда кадрлардын алмашуусу чоң маселе, анткени Бишкекте цехтер көп, кадрлар болсо аз. Өзүңөр көрүп тургандай цех 60-70% толгон. Ага карабай бизде 5-10 жылдан бери иштеген адамдар бар, андайлар 20%, калган 80% дайыма алмашып турат. Бир жыл, ай, кээбирөө 2 күн иштеп, анан кетип калат. Тигүүчүлөр кайсы жерде көп төлөсө, ошол жакка кетип калышат, бизде баарын тигүүчүлөр башкарат. Алар цехтер жана жумуш көп экенин билишет, ошондуктан кичинекей көйгөй жаралса эле кетип калышат. Биз бир жыл боюу газеталарга, телевидениеге жана интернетке кулактандырууларды беребиз. Ошентип жумушчуларды табабыз.

Бул буюмдардын сапатына таасирин тийгизбейт. Анткени бизде ТКБ жана технологдоо бар, алар баарын текшерет. Бул кыска убакытта бүтүрүш керек болгон тапшырыктарга жана көлөмгө таасирин тийгизет. Тапшырык келип, тигүүчүлөр жок болуп калган учурлар көп эле болот, бул абалдан чыгууга дайыма туура келет. Бүгүнкү күндө бизде 50 гө жакын тигүүчү иштейт.

Балким, тигүүчү болуп иштеген престиждүү эмес, ошондуктан көбү иштегиси келбейт, кээбирөө иштеп, чарчап, башка жумуш таап алат, такыр башка чөйрөдөн. Бычмачылар жана үтүкчүлөр менен маселе жок. Бизде мисалы 4 бычмачы бар. Алар бардык цех үчүн жетишет. Негизинен эркектер иштешет. Эгер бугун үтүкчү кетип калса, кулактандыруу берип, бир күндүн ичинде таап алса болот. Алардын алмашуусу эч кандай таасирин тийгизбейт, анткени бир чоң цехке бир канча үтүкчү жана бычмачы жетишет, ал эми тигүүчүлөр көп керек, аларды табуу да оор.

Бычмачылар үчун талаптар бар, аларда иш тажрыйбасы болушу керек, билген киши керек, ал эми үтүкчүлөргө андай талаптар жок, өзүбүз окутуп алабыз. Көбүнчө тажрыйбасы барлар келишет. Бир жуманын ичинде үйрөнүшөт, оор деле эч нерсе жок. Сиз деле туруп, эртеңкиге чейин үйрөнүп алсаңыз болот. Тигүүчүлөр үчүн дагы талаптар жок, анткени абал ушундай. Кээде жаңы уйрөнүп жаткандар дагы келишет, аларды окутканга аракет кылабыз, тажрыйбасы барлар дагы келишет. Баарын алабыз, эң негизгиси – каалоо. Эгер адам эч нерсе билбесе, бирок каалоосу болсо, бир-бир жарым айда тигип үйрөнүп калат. Кээбирөөнө уйрөнүү үчүн жарым жыл керек, бул жеке жөндөмдүүлүктөрдөн көз каранды. Негизинен эки-үч айда толук тигүүнү үйрөнүп калышат.

- Силер өзүңөр тигип көрдүңөр беле?

Эки жыл мурда өзүм үчүн тигип көргөм. Өзүмдүн машинам үчүн чехол жана спорттук куртка тигип көргөм, ошентип кичине үйрөнгөм.

- Оорбу?

Менин айлап иштегем тажрыйбам жок. Мен өзүм үчүн тигип көрдүм, мага кызыктуу болду, ошондуктан оор деле болгон жок. Бирок кечке эле тиге берсен тажайт болушуӊ керек. Айлап, жылдап, бир орунда отуруп алып иштеген менимче оор. Кээбирөө үчүн оңой, кээбирөө тиге албайт, бул жакта физикалык оор жумуш жок, жөн гана отуруп иштөө керек.

Маектешүү үчүн "Бархат" өндүрүшүндө тигүүчү жана технолог, Чоро Кунасовго ("Бархат" өндүрүшүнүн финансылык жетекчиси), ошондой эле өндүруштүн жетекчиси Нуржан Кунасовага кызматташуу, ачыктыгы жана материалды даярдоодо кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Жумуш менен камсыз болуу жана экономикалык өнүгүү
Жеке сектор экономикалык өсүштүн жана жумуш орундарын түзүүнүн негизи болуп эсептелет. Кыргызстандын жетекчилигинин иштиктүү чөйрөнү жакшыртуу боюнча күч-аракеттерин колдоо, инвестиция тартуу жана өндүрүштү диверсификациялоо, анын ичинде экспорт үчүн, көз карандысыздыкты алгандан бери швейцариялык кызматташуунун артыкчылыгы болуп эсептелет. Бул күч-аракеттер кыргыз кичи жана орто бизнесин алып барууга чыгымдарды азайтууга түрткү берди. Бизнес жана каржылоо тармагындагы кеңеш берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгү компанияларга өздөрүнүн коммерциялык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, аны менен бирге өздөрүнүн көрсөткүчтөрүн жакшыртууга алып келди; мына ушинтип жергиликтүү текстиль жана тигүү ишканалары атаандаштыкка жөндөмдүү болуп, өздөрүнүн мурунку Орусия жана Казахстандагы экономикалык кризистин агымында экспорттун көлөмүн сактап кала алышты (айрымдары ал тургай көбөйтүштү). Ошого карабастан, ушул жетишкендиктер менен чектелбестен аймактык атаандаштык контекстинде өлкөдөгү иштиктүү чөйрөнү жакшыртуу аркылуу Кыргызстандын дүйнөлүк жана аймактык экономикасына ийгиликтүү интеграциясын камсыз кылды.

Швейцария саны жогору жана сапаттуу жумуш орундарын түзүүгө өзгөчө көңүл буруу менен Кыргызстандагы туруктуу жана инклюзивдүү экономикалык өнүгүүнү колдоого алат жана ала бермекчи. Бизнес үчүн сапаттуу кеңеш берүү кызмат көрсөтүүлөрү жана каржы продуктуларын берүү, ар кандай секторлордо, кичи жана орто ишканалардын бизнес-ассоциацияларын күчөтүү, мындан тышкары инвестиция тартуу жана экспорт секторундагы кошумчаланган нарктын чынжырынын натыйжалуулугун жогорулатуу аркылуу колдоо көрсөтөт: текстиль, туристтик жана агроөнөржай тармактарында, айрыкча алыскы райондордо.

Экономикалык өнүгүү тармагындагы долбоорлор:
  • Кыргыз Республикасындагы сооданы алдыга жылдыруу программасы;
  • КРдагы Инвестициялар жана экономикалык өсүш боюнча долбоор;
  • Айлана чөйрөнүн өзгөрүүсүн эске алуу менен корпоративдик жана социалдык башкаруу боюнча программа;
  • Борбордук Азия жана Азербайжандагы каржы инфраструктурасын бекемдөө аймактык программасы;
  • Борбордук Азия жана Азербайжандагы микро жана жоопкерчиликтүү каржылоо аймактык программасы;
  • Кыргызстандагы турак жай микрокаржылоо боюнча кеңеш берүү кызмат көрсөтүүлөр долбоору;
  • ЕБРР программасы: кичи бизнести өнүктүрүү демилгеси;
  • Алай жана Чоң-Алай райондорундагы кичи жана орто бизнести өнүктүрүү;
  • Кыргызстандагы туруктуу экономикалык өсүшкө колдоо көрсөтүү;
  • Кыргыз Республикасындагы аудит жана каржылык отчет реформалары долбоору;
  • Каржылык секторду өнүктүрүү боюнча трасттык фонд долбоору;
  • КРдагы кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү боюнча долбоор;
  • Борбордук Азиядагы жеткиликтүү каржылык кызмат көрсөтүүлөр программасы;
  • "Мобилдик Акчалар" долбоору (электрондук жана сандык каржылык кызмат көрсөтүүлөр).
Аудио-инсталляцияны угуу үчүн кулак тыңшалуу аспапты колдонуу сунуштайбыз