"Көк Арт" изилдөө инсталляциясы аудиовизуалдык баяндоонун жардамы менен кыргыз элинин жана Кыргызстандын өзгөчөлүктөрүн чагылдырганга багытталган. Бул демилге швейцариялык кызматташуу программасынын өлкөдөгү областарды өнүктүрүү ишмердүүлүгүнө байланыштуу. Экспозициянын идеясы жергиликтүү коомчулуктардын "үндөрүн" көрсөтүүгө жана медиа тил аркылуу сүрөттөрдү жаратууга негизделген. Биз адамдардын жана окуялар болгон жерлердин тарыхын айтып беребиз жана табияттан, объектилерден, үндөрдөн жана маанилерден сезимдерди чагылдырабыз.


Демилгебиз документалдуу жана көркөм аныктоого гана багытталбастан Лаборатория СИ уюмунун көркөм жамаатынын жердик искусствонун тарыхына кайрылуусуна байланыштуу болгон Советтик Кыргызстандын Сүрөт искусствосунун жанрларына жарым жылдан бери иштелип келе турган жөнөтүү аракеттери болуп эсептелет.

Көркөм өнөр менен анын модернисттик салты, Советтик бийлик пайда болгондо анын катышуусунда Кыргызстанга жайылган. Анын трансформациясы жалпы Советтик саясий жана маданият жараяндарына дал келген, бирок, ички динамикасы жана кызыкчылыктары жердик материалдардын негизинде түзүлгөн. Андыктан живопись үчүн реалдуу пейзаж жана адамдардын күнүмдүк турмушуна кайрылуу маанилүү болгон.

Көргөзмө үчүн материалдар топтолгондо жана өлкөнүн ар кайсы аймактарына барылганда бул көргөзмөнүн негизи катары күнүмдүк жана пейзажды алдык, себеби ушулар аймактагы адамдардын жашоосун курчаган жана түзгөн. Ошондуктан көргөзмөдө вербалдык баяндоону курчаган тиричилик видеосу, пейзаж видеосу жана абстракция видеосу көрсөтүлгөн. Формалдуу түрдө мындай шарттарда өнүккөн "жанрлар" мультимедиа чыгармалардын спектр түрүндө ачылып, аудио-видео инсталляциялар, видеопроекциялар жана 3D графиканын "басып кирүүсү" болуп эсептелет.

Медиализация жана чогултулган изилдөө материалдарды көрсөтүп биз конструкцияланган сүрөттөрдү жаратабыз жана ремедиациялайбыз, сүйлөөнү сүрөттөй көрсөтөбүз, ошол эле сүрөттөрдү көбөйтөбүз жана музыкалдык коштоону кошобуз.

"Көк Арт" изилдөө инсталляциясы сиздерди Кыргызстандын тургундарынын тарыхына, жерлерине, окуяларына жана пейзаждарына чөмүлүү аркылуу баарлашууга чакырат. Бул катологдогу ачылыштарга чөмүлүү деңгээлин өзүңүз белгилейсиз: визуалдык деңгээлде кала аласыз, уга аласыз же баяндоого умтула аласыз.

Көрсөтүлгөн инсталляция искусствонун башка вариацияларында кайталагыңыз келген тажрыйба боло турган болсо, кубанычта болобуз.

Швейцария жана Кыргызстандын кызматташтыгы

Кураторлор:
Алмаз Исаков
Джошик Мурзахметов
Диана Ухина
Интервью жана текст:
Диана Ухина
Видео:
Алмаз Исаков
Сүрөттөр:
Джошик Мурзахметов
Логистикалык камсыздоо:
Каныкей Кененсариева
Диана Рахманова
SMM жана PR:
Адель Исмаилханова
Дизайн жана каталогдун вёрсткасы:
Алмаз Исаков
Англис тилине которуу:
Дина Мурсалимова
Кыргыз тилине жана орус тилине которуу:
Нурайым Шамырканова
Айгокул Дайырбекова
Орус тилинде корректордук түзөтүү:
Елена Бослер-Гусева
Кыргыз тилинде корректордук түзөтүү:
Айдай Чоробаева
Англис тилинде корректордук түзөтүү:
Аида Бектурова
Композиция:
Айтегин Муратбек уулу
3D дизайнери:
Андрей Закирзянов